www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индиянын Уттар-Прадеш штатында төрт колу жана төрт буту бар ымыркай төрөлгөнүн Daily Star кабарлады.
Камила аттуу аялдын толгоосу 2-июль, ишемби күнү башталган. Ал ооруканага жеткирилип, бир аз убакыт өткөндөн кийин дээрлик үч килограмм салмактагы бала төрөгөн. Ымыркай төрөлөөрү менен анын төрт колу жана буту бар экени белгилүү болгон. Кошумча мүчөлөр баланын курсагында жайгашкан.
Аномалияга карабастан, жаңы төрөлгөн баланын ден соолугунда эч кандай көйгөй жок. Жаңы көз жарган эненин да абалы жакшы.
Адаттан тыш ымыркай төрөлгөнү тууралуу кабар районго тарап, жергиликтүү тургундардын көңүлүн бурган. Ооруканага баланы көргөнгө адамдар келе баштаган. Айрымдар аны табияттын керемети деп аташса, башкалары аны жыргалчылыктын, молчулуктун, берекенин, байлыктын, ийгиликтин жана бакыттын көп колдуу кудайы Лакшмидин реинкарнациясы деп ойлошууда.
Буга чейин да Индиянын чыгышында жайгашкан Садар ооруканасында сегиз аяктуу төрөлгөнү маалымдалган. Жергиликтүү тургундар тубаса аномалияны баланын кудайдын тагдыры менен түшүндүрүшкөнүнө карабастан, дарыгерлер бул кош бойлуу кезде пайда болгон кыйынчылыктар менен байланыштуу экенине ишенишкен.
Булак: NazarNews.kg