www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2009-жылдагы эл каттоодон кийин 13 жылда Кыргызстандын калкы 1 миллион 573 миң 4 адамга көбөйдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин маалымат жыйынында Улуттук статистика комитетинин аппарат жетекчиси Элмира Алымкулова билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдагы эл каттоодон кийин Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 6 миллион 936 миң 165 адамды түздү.

Ал белгилегендей, анын 65%ы айыл жерлеринде, ал эми 35%ы шаарларда жашайт.

"2009-жылдагы эл каттоодон кийинки 13 жыл ичинде өлкөнүн калкы 1 миллион 573 миң 4 адамга же 29,3%га өскөн. 2009-2022-жылдардагы эки эл каттоонун ортосунда Кыргызстандын калкынын орточо жылдык өсүү темпи 2% түздү", - деген ал өлкөдө төрөттүн көрсөткүчү жогору деңгээлде экенин белгиледи.

"2022-жылы 19-октябрда Кыргызстанда 7 миллионунчу жаран төрөлдү. 7 миллионунчу жаран 6 миллионунчу төрөлгөндөн кийин 7 жылдан соң төрөлдү. 6 миллионунчу менен 5 миллионунчу калктын ортосундагы жаш айырма 13 жашты, 4 миллионунчу менен 5 миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 17 жашты түзгөн. Кыргызстан жалпысынан калкы аз өлкө. Орточо жыштыгы 1 чарчы метрге 35 адам туура келет", - дейт Алымкулова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости