www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Англияда карантинде дүкөндөрдө, фабрикаларда ундун тартыштыгы жаралды. Мындан улам унду өндүрүү күчөтүлгөн режимге өттү Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Оксфордшир аймагындагы завод пандемия башталгандан бери унду 4 эсе көп, тагыраагы, күнүнө 13 миң мүшөк ун өндүрүүдө. Азыкты мындай ири көлөмдө өндүрүү үчүн заводдун жетекчилиги кызматкерлердин санын көбөйтүп, завод күнү-түнү иштөөгө өткөн. Заводдун 24 саат бою тынымсыз иштөөсү 125 жыл мурда болгон.

"Жарандар пандемиядан улам үйдө отуруп, ундан ар кандай тамак-аштарды көп даярдоосу азыкка болгон суроо-талаптын жогорулашына алып келди. Алтургай унду заводдон алып, үстүнө акча кошуп саткан окуялар кездешүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, унга болгон суроо-талап Европанын айрым өлкөлөрүндө дагы байкалган. Францияда тургундар март айында унду эки эсе көп ала баштаса, Италияда унга болгон талап экинчи дүйнөлүк согуштан бери биринчи жолу эң жогорку чекке жеткен.

Булак: NazarNews.org

Последние новости