www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык футболчу, Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир-Хан Кыдыршаев Италиянын “Перуджа” футбол командасына ойноого чакырылды. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына жазып, сүйүнүчүн колдонуучулар менен бөлүшкөн.

“Бир аз кубанычымды бөлүшкүм келди. Уулум Эмир-Ханды Италиянын "Перуджа" командасына ойноого расмий чакыруу келди. "Перуджа" командасы Италия чемпионатынын «Б» сериясында ойнойт. Ушул убакытка чейин 2 жыл Ассиси шаарында Паоло Россинин футболдук академиясында окуду.
Эмир-Хан өзү 15 жашта, бирок аны U16-U17 командасына ойноого чакыруу алды. Бул жаңылыктын маанилүүлүгү бул Кыргыз тарыхында биринчи кыргыз футболист Италиянын официалдуу чемпионатында ойной баштады. Буюруса 17-18 ге чыккыча серия «А» да ойноп калат деп үмүт кылабыз, Кыргыз элимди дүнүйөгө таанытуу үчүн бүт күч аракетибизди жумшайбыз!” – деп жазган саясатчы Камчыбек Ташиев.

Булак: NazarNews.org

Последние новости