www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

14 күндө Кыргызстанда COVID-19дун жогорку көрсөткүчү катталат

Кыргызстанда жакынкы 14 күндө Кыргызстанда COVID-19дун жогорку көрсөткүчү катталат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде Вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүчтөр азыркы көрсөткүчтөрдөн 8-9 эсе көп болушу мүмкүн.

«Биринчи пандемия учурунда 2020-жылы апрель-майда карантин киргиздик, оору жугузгандар кескин азайган. Математикалык ыкма боюнча ошол учурда майда күнүнө 4 миңден 16 миңге чейин оору аныкталышы мүмкүн деген божомол болгон.

Ошентип, карантин өз натыйжасын көрсөттү. Андан кийин жай бою элдер иш-чараларды өткөрбөй, бет кап тагынып, колун жууп, санитардык нормаларды сактап атышып оору азайган. Азыр биз жарандар санитардык нормаларды сактоону унутуп калышканын байкап жатабыз», - деди Нурматов.

Нурматов жарандарды санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди – колду жууп туруу, бет кап тагынуу, коомдук иш-чараларга катышпоо, аралыкты сактоого жана эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости