www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш адамзатты табият менен татуу мамиледе жашоого чакырды. Бул тууралуу ал 17-июнь – Кургакчылык жана жердин чөлгө айлануусуна каршы күнүнө карата жасаган кайрылуусунда айтты.

Анын айтымында, климаттын өзгөрүшүнөн улам болгон жердин деградациясы, айыл чарба аянттарынын артышы, урбанизация жана инфраструктуралык объекттердин курулушу экологиялык жана экономикалык кесепеттерге алып келет. Ал 3,2 миллиардан ашык адамдын турмушун начарлатышы мүмкүн.

Экологиялык катастрофанын мисалдарынын бири: Аралдын соолушу. Аралдын соолушу жүз миңдеген адамдын турмушуна таасирин тийгизип, ал аймакты байырлаган жаныбарлар жоголгон. Аралдын суусу соолуган жерлерде туз чөлдөрү пайда болгон.

Өз сөзүндө Антониу Гутерриш жердин деградациясын токтотуу керектигин айтып, аны калыбына келтирүү абадагы көмүртектин санын азайтарын белгилеген. Аны менен бирге жерди калыбына келтирүү кандай жыйынтыктарды берерин айтып берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости