www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ош филиалынын айрым кызмат адамдары пара алууга катыштыгы бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

"Университеттин жетекчилиги окутуучулар менен биргеликте экзамендик сессияга жана мамлекеттик экзамендерге кирүүгө уруксат алуу үчүн чет элдик студенттерден пара алууга схема түзүп алышкан, муну менен эл аралык коомчулуктун алдында мамлекеттик университеттердин беделин түшүргөнү аныкталды", - деп билдиришти УКМКдан.

Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн иш-аракетерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости