www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл көз карандысыз шериктеш мамлекеттердин ортосундагы өз ара соода байланышынын көлөмү калыбына келе баштады. Бул тууралуу КМШнын Статистика боюнча мамлекет аралык комитетинин башчысы Владимир Соколин билдирди.

Ал КМШнын Экономикалык кеңешинин отурумунда былтыр КМШ мамлекеттеринин ортосундагы сальдо оң болуп, 93,4 миллиард долларга жеткендигин айтты. Бирок бул мурдагы жылга салыштырмалуу 44,4 пайызга аз.

«2020-жылы өз ара соода 2019-жылга салыштырмалуу азайып кеткен. Быйылкы жылдын биринчи кварталынын маалыматтарына таянсак, соода көлөмү акырындык менен калыбына келе баштады», — деген Соколин.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстанда мурдагы жылдарга салыштырмалуу былтыр сүт жана сүт азыктарын экспорттоонун көлөмү 2 эсеге көбөйгөнү да маалымдалган эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости