www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук районундагы Чат-Күл айылында 14 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча Чүй ОИИББинен маалымат беришти.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы 14-декабрда Сокулук РИИБине жергиликтүү жашоочу кайрылып, “Максат” аттуу жакшы тааныш эмес адамга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арыздануучунун айтымында, 2019-жылдын сентябрь айынын аягында жашы жете элек өспүрүм кызына Максат күч колдонуу менен «БМВ» унаасына салып, каршылык көрсөткөнүнө карабастан кызды зордуктаган.

Бул окуя “Зордуктоо” беренеси менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал 24 жаштагы К.М. болгон. Шектүү милициядан жашырынып, туруктуу бир жерде жашаган эмес. Издөөгө алынган соң Сокулук РИИБинин оперкызматкерлери 24 жаштагы К.М.ди 17-июнда Бишкек шаарынан кармашкан.

Учурда кармалган жаран Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости