www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Шамурза Бөрүкулов абактагы Равшан Жээнбеков тууралуу билдирүү жазып чыкты.
“Кыргызстанда "эркек Ванга” пайда болду Равшанга деген. Тиякта жатып алып: "Азыр өлкөдө Бакиевдин саясаты дээрлик жүрүп жатат. Бакиевдин саясаты жана кадрлары бийликке келди. Азыркы бийлик Бакиевдин саясатын официалдуу түрдө актап берди, бул нерсе жакында ар кандай конфликттерге алып келиши мүмкүн", - дейт.
“Биринчиден, өлкөдөгү конфлик чыгаруучу бузукулар түрмөдөсүңөр: Атамбаев, сен, Мискенбаев ж.б.
Экинчиден, каерде Бакиевдин кадрлары бийликке келишти, тескерисинче бүт эле Атамбаевдин кадрлары, соттору, достору иштеп жатышпайбы. Отунбаеваны болсо президент каякка барса чачбагына байлап алып жүрөт. Текебаев соттолгону эсинен чыгып, дагы деле парламентке аттанып жатат. Бир күн оору, бир күн соо, таарынганда кетем катын, каалаганда келем катын Бабанов да шайлоого барат экен. Беш жыл бою 120 кой, чимкирик, койчу атабаган ат да калбаган ушул эле сабатсыз көр соктулар акыбалын билишпей, оптом шайлоого даярданып жатышат. Ушуларбы Бакиевдин кадрлары? Бул көзү ачык Бакиевдин кадры деп кимди айтып жатат? Бакиевдин саясаты келген имиш. Оозуңа май, кана эми Бакиевдин саясаты келип калса. Анда эле экономикабыз көтөрүлүп, оңолуу жолуна түшпөйт белек? Бакиевдин кадрлары келсе баарыбыз курсант болот элек. Себеби ал кадр тандашты билген. Атамбаев, Отунбаевага окшогон иштен качкан “дармоеддерди”, сабатсыз макулуктарды нарыга сүрүп койгону, Бакиевдин башына келген балээ болду. Бир жолу чыкпай турган жерге киргизип салыш керек эле. Мындай адамдар кара мүртөз болушун, колунан ар кандай жамандык келишин Бакиев назарына албай, баарын өзүндөй ак көңүл ойлоп алганы болуп жатпайбы. Курманбек Салиевич чындыгында күчтүү адам, чыныгы элдик лидер экен, даже түрмөдөгүлөрдүн да түшүнө кирип жатканына караганда”, - деп жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg