www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Фергана облусунда апасы сойкулук менен алектенүүгө жана аборт жасатууга мажбурлаган 7-класстын окуучусу Кокон шаарындагы атайын мектеп-интернатка которулду.

Фергана облустук акимчилигинен билдиришкендей, бул кылмышка күнөөлүү адамдардын бардыгы татыктуу жазаларын алышты.

– Бул ишти караган Бешарык райондук соту кызын сойкулук кылууга мажбурлаган 39 жаштагы Феруза Давронованы он жарым жылга эркинен ажыратты. Мындан тышкары «Чорбогтуронил» айылынын тургундары Шерзод Балибеков, Жасур Эргашев жана Эргашали Сулаймоновдор кызды зордуктоого күнөөлүү деп табылып, 12 жылга соттолушту», — деп билдирди облус башчысынын орун басары Сайёра Алимова.

Анын айтымында, зордуктоонун курмандыгы болгон 7-класстын окуучусу психологдун жардамын алгандан кийин Кокон шаарындагы атайын мектеп-интернатка которулду.

Райондук соттун өкүлү өкүм күчүнө кирип, соттолгондор абактарга жөнөтүлгөнүн билдирди.

Быйыл 18-августта Бешарык районунда акушер-гинеколог жергиликтүү аткаминерлердин буйругу менен беш айлык боюнда бар 7-класстын окуучусуна аборт жасаганы белгилүү болгон. Андан кийин район акимчилиги кыздын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтө баштаганы кабарланган.

– Жергиликтүү акимчилик шашылыш түрдө жабыркаган кыздын үйүн оңдоого киришти. Мунун бардыгы Ташкенттен чиновниктер келип калса аял жакырчылыктан улам кызын сойкулукка мажбурлаган деген версияны четке кагуу үчүн жасалууда», — деп билдиришкен аймактагы өз булактар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости