www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Элмира Мамбетовага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Анын үстүнөн мындай кылмыш ишинин козголушуна жумушчуларды кызматка дайындоо жана кызматтан алуусу себеп болгон.

Маалым болгондой, Элмира Мамбетовага кылмыш иши 2017-жылы козголуп, ушул эле жылы жабылган. Бирок, 2018-жылдын март айында аталган кылмыш иши райондук прокуратура тарабынан кайрадан козголгон. Э.Мамбетова учурда тергөө иштери мыйзамсыз жүрүп жаткандыгын айтып, Нарын ОИИБдин ага тергөөчүсү Рыскул Ниязбековго нааразы болууда. Анын айтымында, аталган төргөөчү Р.Ниязбеков тарабынан Кочкор РИИБге чакыртылып, орой мамилеге туш болгон. Бул окуя 20-сентябрда болжол менен саат 19:30 чамасында болгон. Нарын ОИИБдин ага тергөөчүсү Р.Ниязбеков телефон аркылуу айыл өкмөт башчысы менен байланышып, мындан ары тергөө иши Кочкор районунда уланарын жана тергөө материалдары менен таанышууга чакырган. Андан соң, Элмира Мамбетова айыл өкмөттүн жер адиси Жалынбек Токтогоновго кызматтык унааны айдатып, жолдон унаа бузулуп калбасын деп, «Көлмө-Алтын Булагы» таза суу системасынын төрагасы Айбек Төлөмүш уулун да кошуп алган.

«Биз Кочкор РИИБге барсак, Р.Ниязбеков отуруптур. Ал мага өз жактоочуларын сунуштап баштады. Бирок, мен ал жактоочулардын сураган акчасына макул болбостугумду айтып, жогорку билимдүү экенимди жана өз укугумду өзүм коргоп аларымды билдирдим. Андан соң, мен тергөө материалдары менен таанышып баштадым. Ал жакта Жумгал райондук каржы бөлүмүнүн башчысы Бексул Төрөканов тарабынан берилген актыда штаттык бирдикте тазалоочу деп жазылган экен. Мен "штаттык бирдикте тазалоочу деген жок. Эмнеге минтип жазган?" десем, Р.Ниязбеков кыйкырып, жинденип кирди. "Мен сага көрсөтөм. Эмне эле эркелеп жатасың эшек" деп, жаман сөздөр менен сөгүп баштаганда мен анын агрессиясынан коркуп, сыртка чыгып кеттим. Кызматтык унаама түшүп, Ж.Токтогоновду тез айда деп жатсам, Р.Ниязбеков артыман чуркап келди. Унааны айдаттырбай, мени эки кызматкерим менен чогуу унаадан түшүрдү. Мен болсо мага тийбеңиз деп, андан ары таксилер жакка чуркап бардым. Бир аздан соң кайра келип, унаа айдаган 2 кызматкеримди кеттик деп айтсам, "унааны бербей жатат, ачкычын алып койгон" дешти. Ошентип отуруп, кечки саат 22:00 чамасы болду. Андан кийин, унааны алуу үчүн Кочкор райондук прокуратурасына бардык, бирок алар жабык экен. Биздин жаныбызда ашыкча каражат жок болгондуктан оор жүк тарткан унааларды тосуп, Жумгалды көздөй жөнөдүк. Бирок Жумгалдын Баш-Кууганды айылына чейин келип, андан ары унаа чакырып, таңкы саат 03:00-04:00 чамасында үйгө араң жеттик.

Тергөө иштерине тиешеси жок унааны жана унаа айдаган кызматкерлерди эмне үчүн мындай абалга калтырат. Бул окуя боюнча жогорку органдарга жана бийлик өкүлдөрүнө кайрылдым. Учурда ден соолугум жакшы болбой улам ооруп, дарыгерлерге көрүнүп жатам», - деди ал.

Ал эми жер адиси Ж.Токтогонов менен «Көлмө-Алтын Булагы» таза суу системасынын төрагасы А.Төлөмүш уулу тергөөчү унаанын ачкычын күч менен тартып алгандыгын айтышты. Ошондой эле, алар Р.Ниязбеков унааны короого токтотуп койгондугун кошумчалашты.

Нарын ОИИБдин тергөө кызматынын өзгөчө иштер боюнча ага тергөөчүсү Рыскул Ниязбеков 24-сентябрда Кочкор районунда тергөө иштери менен жүргөндө мындай айыптоолорго каршы пикирин билдирди.

«Э.Мамбетова Жумгал районунун Көк-Ой айылынын өкмөт башчысы болуп 2016-жылдын февраль айында шайланган. Ошол келген убактан баштап кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, айыл өкмөттөгү кызматкерлердин баарын жумуштан кетирген жана каалаган кишисин жумушка алган. Ошол жерде иштеген тазалоочу Венера Жамакееваны иштен алып, Арал айылынын маданият үйүнө кароолчу кылып дайындап койгон. Ал бара албайм десе, "сен иштеп эле жүрө бересиң" деп буйрук чыгарып коет. Андан кийин штатта каралбаган Шаршенбек Тургуналиевди кызматтык унаасына айдоочу кылып алат. Ал жерде да ошондой мыйзамсыз буйрук чыгарылган. Айдоочу, тазалоочу деген 2 штаттык бирдик негизи каралган эмес. Ушул боюнча райондук прокуратура Э.Мамбетованын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш ишин козгогон. Тергөө иштери жүрүп, ал айыл өкмөттөгү 7-8 кызматкер жоопкерчиликке тартылып, аягы кыскартылган. Ал эми айыл өкмөт башчысы Э.Мамбетованы бир нече жолу чакырганда жоопкерчиликтен качып такыр келбей койду. Тергөө ишинин мөөнөтү аяктап келе жаткандыктан Нарын ОИИБге чакырдык. Ал жерге да келген жок. Андан кийин Кочкор РИИБге чакырдым. 2 кызматкери менен чогуу кызматтык унаасы менен келиптир. Өзүнүн мурдагы жактоочусу Нарында соттук процессте болгондуктан, биз Кочкордон жактоочу сунуштадык. Бирок макул болгон жок. Андан соң тергөө материалдары менен тааныштырып баштасам, ал жердегилерге каршы болуп, сыртка чыгып кетип калды. Аркасынан барып, кир десем болгон жок. Кызматтык унаасына түшүп алды. Унаанын ачкычын жулуп алды деп арыз жазыптыр. Мен жулуп алган жокмун, унааны таштап салып эле үчөө үч тарапка качышты. Ошол жерден акт түзүп, унаасын убактылуу токтотуучу жайга токтоттуруп койдум.

Камайбыз деген сөз болгон эмес, камасак башында эле камап коймокпуз да. "Эмне эле эркелеп жатасың эшек" деп да айткан эмесмин», - деди ал.

Ал эми Кочкор РИИБдин башчысы Мелис Мурсалиев ар бир кызматта кесиптештеринин иштерине көмөк көрсөтүү каралганын, Рыскул Ниязбековдун тергөө ишинде керек болгон кызматтык унаа убактылуу РИИБдин короосунда токтоп тургандыгын билдирди.

«Бул унаа бизде каттоого алынган эмес. Бул боюнча маалымат бере албайм. Ал тууралуу Нарын ОИИБдин тергөөчүсү Р.Ниязбековдун өзүнөн сурасаңар болот. Ал эми унаасы биздин убактылуу токтоочу жайында токтоп турат», - деди Мурсалиев.

Жумгал райондук каржы бөлүмүнүн башчысы Бексул Төрөканов: «Бизде мурункудай каржы маселеси каралбай калган. Азыр айыл өкмөттөр өзүн-өзү көзөмөлдөп калышкан жана каржы маселелерин өздөрү чечип, өздөрү иш жүргүзүшөт. Тергөө иштерине биздин адистердин бири барып катышкан. Бизге эч тиешеси жок», - деди.

Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Мамбетова ага карата далилденбеген фактылар менен иш козголгонун айтууда.

«Менден мурда иштеп кеткен Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы айыл өкмөттүн эски конторасын өзүнүн жубайына менчикке чыгарып берген. Буга чейин айылда бала бакча болбогондуктан жана мектеп жашына чейинки балдардын саны 500гө жеткен соң, өзүбүздүн жаңы административдик кеңсебиздин багытын өзгөртүп, 100 орундуу бала бакчасы кылганбыз. Эски контора биздин балансыбызда болгондуктан, аны алабыз деген ой болгон. Оюбуз аткарылган жок. Азыр айыл өкмөттүн имараты жок, айылдык маданият үйүнүн бир бурчунда баш калкалап келебиз. Биз бул имаратты алабыз дегенден баштап эле, мурдагы айыл өкмөт башчысынын жакындары менин үстүмөн тынбай арыз жазып келишет. Жумгал районунун прокурору аларды колдоп, менин үстүмөн далилденбеген фактылар менен иш козгоп, ал козголгон иш далилденбей баратканынан улам бир инстанциядагы тергөөчүгө котортуп келет. 2018-жылдын январ айынан тарта мени үстүмөн эле 20 арыз жазылды. Мен иш алып барбай эле ар кайсы жерге барып, түшүнүк кат жазып эле келе жатам», - деди ал.

Ал эми Жумгал районунун прокурору Т.Койчуман уулу бул иш учурда алардын өндүрүшүндө эместигин айтып, комментарий бере албастыгын билдирди.

«Мен аларды көзөмөл кылбагандыктан комментарий бере албайм. Кылмыштын курамы болгон үчүн козголгон. Тергөөчү кенен айтып берет. Азыр биздин өндүрүштө эмес», - деди Т.Койчуман уулу.

Булак: "Турмуш"

Последние новости