www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

147 медициналык кызматкер 200 миң сом кенемте алды

Пандемия учурунда кызыл зонада иштеп вирус жуктуруп алган 147 медицина кызматкерине 200 миӊ сомдон кенемте төлөнүп берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 
 
Министрликтин маалыматына ылайык, жалпысынан компенсация алууга 1901 медицина кызматкер арыз жазган. Учурда 147медкызматкер 200 миӊ сомдон компенсация алышты, калгандарына да төлөп берүү маселесин атайын комиссия карап жатат. 
 
Өлкө боюна вирус жуктуруп алган медкызматкерлердин саны 3569га жетти, анын ичинен 3251и айыгып, 84 медицина кызматкери каза болду.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости