15-мартта Айдар Акаевге куран окутулат
Коом  |   |  998

15-март күнү башкалаабыздын «Кайнар» ресторанында экс-президент Аскар Акаевдин маркум уулу Айдардын кыркы келип калганына байланыштуу, куран окутуу расмиси болот. Батага Акаев учурундагы үзөңгүлөш чиновниктерден тышкары бир катар саясатчылар, ага-тууган, куда-сөөк, дос-тамырлаш, тилектештердин баарысы чакырылары, туңгуч президенттин үй-бүлөсүнөн Бермет Акаев менен Илим Акаевдер келип, куран окутуу өнөктүгүнүн башында турары каңкууланды.

Маркум Айдар Акаевдин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болуп, ага карата окулган Куран кабыл болсун! Көңүл айтабыз.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями