www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева менен Абдыбек Дюшалиев үй карантинге алынды деген маалымат тараган. Бул туурасында NazarNews  маалымат агенттиги Аида Касымалиеванын өзү менен байланышты.

Депутаттын айтымында, Кыргызстандын штабында коронавирус чыккан өлкөлөрдөн келгендер, сөзсүз карантинге алынышы керек деген чечим чыккан.

“Кудайга шүгүр, ден соолугум жакшы. Эми үйдөн иштейм деп турам. 14 күн үйдөн чыкпоо керек. Себеби, Германия коронавирус чыккан биринчи топтогу өлкөлөрдүн катарына кирип калды. Кыргызстандын штабы коронавирус чыккан өлкөлөрдөн келгендер сөзсүз текшерилип, карантинге алынышы керек деген чечим чыгарган. Бул чечим делегациянын бардык мүчөлүрнө тийиштүү. Дарыгерлерге рахмат. Анализдерди алып, анкеталарды толтуруп,  эки-үч жолудан, бардыгын кылдат текшерип жатышты”,- деди Касымалиева.

Белгилей кетсек, алар парламенттин чакыруусу менен Германияга барып, бүгүн түнү кайтып келишкен.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости