www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайга коронавирусту АКШ аскерлери алып кириши мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылма Reuters Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзяндын айтканына таянып жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Чжао Лицзянь Twitter баракчасына "Уханга коронавирусту АКШнын аскерлери алып кириши мүмкүн" деп 12-март күнү жазып чыккан. "АКШда эң биринчи бейтап качан пайда болду? Канча адам жуктурду? Ооруканалар кандай аталат? Сыягы, Уханга эпидемияны АКШнын армиясы алып келди. Таза болгулачы! Маалыматтарыңарды ачыкка чыгаргыла! АКШ бизге түшүндүрмө бериши керек!" — деп дипломат англис тилинде кайрылган.

Some #influenza deaths were actually infected with #COVID-19, Robert Redfield from US #CDC admitted at the House of Representatives. US reported 34 million cases of influenza and 20,000 deaths. Please tell us how many are related to COVID-19? @CDCDirector pic.twitter.com/vYNZRFPWo3

Белгилей кетсек, Кытайда 13-мартка карата коронавирус менен жалпысынан 80 миң 932 адам жабыркаса, 50 миң 318 жаран сакайып, 3015 адам каза болду. Ал эми дүйнө жүзүндө коронавирус 3 ай ичинде эле 114 мамлекетке тарап, жуктургандардын саны 128 миң 343 адамга жетти. Каза болгондордун саны 4720га жетсе, айыккандардын саны 68 миң 324 адамды түздү.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости