www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1985-жылы туулган Абдылдаев Урматбек Бегимкулович изделүүдө. Бул тууралуу 5-октябрда борбор калаанын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 15-сентябрда күндүзгү бирлер чамасында Арча-Бешик конушундагы үйүнөн чыгып кетип, ошол боюнча кайтып келген эмес. 27-сентябрда анын бир тууганы милицияга кайрылган.
Абдылдаевди акыркы жолу Жибек Жолу проспектиси менен Ж. Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинен көрүшкөн.
Белгилери: бою 165-168 см. Кийими: кара спорттук костюм, боз баш кийим.
Милиция изделген адамды көргөн же кандайдыр бир маалыматы барларды төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну суранат: 0 (312) 43-32-75, 0 (500) 43-28-15 жана «102».