www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларусь президенти Александр Лукашенко Минск менен Москванын Украинадагы согушка байланыштуу айрым маселелер боюнча көз караштары айырмаланганы менен, Беларусь Орусия менен биргелешкен багытты карманарын билдирди.
Бул тууралуу Лукашенко Минск шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышып жаткан өкмөттүк делегациялардын башчылары менен жолугушууда айтты.
– Албетте, Украинадагы жаңжалга баа берүүдө менин өзгөчө көз караштарым бар. Айрым аспектилер боюнча өз түшүнүгүм бар. Бирок биз жалпы багытыбызга дайыма берилген бойдон калабыз. Эгер Орусиянын жетекчилиги чечим кабыл алса, ал жерде эмне болуп жатканы тууралуу түшүнүгүбүздө айырмачылыктар болгонуна карабастан, биз ар дайым силер менен болобуз. Биз эч качан чыккынчылык кылган эмеспиз, — деди Лукашенко.
Беларусь президенти Украинадагы жаңжал боюнча Орусиянын президенти Владимир Путин менен тез-тез сүйлөшүп турарын да белгиледи.