www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Ленин районунда катуу жааган жамгырдан улам Кипкалов жана Махатма Ганди (Муромская) көчөлөрүнүн кесилишинде суу топтолду. Ошондой эле №92 мектептин короосуна жаан суусу кирген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 4-октябрда болжол менен саат 22:40та катталган.
Окуя болгон жерге Ленин райондук ӨКБнын, райондук муниципалдык администрациянын жана МАБдын кызматкерлери, ошондой эле «Бишкекжашылдандыруу» ишканасынын кызматкерлери экскаватор менен тартылган.
Жеринде экскаватордун жардамы менен убактылуу арык казылып, жаан суусунун агымы жөнгө салынган. Топтолгон суу сордурулуп, кырдаал көзөмөлгө алынган.