www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“2017-жылдын 5-майынан тартып 9-майына чейин Бишкек-Ош (132-135, 198-250-чм) унаа жолунда кар көчкү коркунучу бар участокторунда КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы Штабынын артиллериялык эсебинин жабдыктарын колдонуу менен кар көчкүлөрүн атайылап түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КРнын Жарандык коргонуунун башчысы Премьер-министрдин 2017-жылдын 4-майындагы буйрутмасы чыккан.

2017-жылдын 7-майында саат 15:00дөн 16:00гө чейин Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чараларын жүргүзүлгөн. Жалпысынан 16 снаряд атылып, натыйжада кар көчкүсү түшкөн эмес. Артиллериялык эсеп Итагар постуна түнөп калышкан. Мажбурлап атып түшүрүү иш чаралары 8-май күнү улантылат” деп билдирди ӨКМнын басма сөз кызматы.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости