www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бу боюнча Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы төмөндөгүдөй билдирүү таратты.

2017-жылдын 8-майында абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-128, 132-136-чакырымдары, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 222-250-чакырымдары, Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдары, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун (Барскоон жана Сөөк ашуусу) 60-68-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

2017-жылдын 8-9-майында Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости