www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн эле болгон Франциянын эң жаш президенти Эммануэл Макрондун үй-бүлөсүнө кызыккандар көп. 39 жаштагы президенттин үй-бүлөсүн “The Washington Post” гезити жазып чыккан. Маалыматка таянсак, анын аялы 64 жаштагы Бриджит, жаш айырмачыгы 24 жаш. Эммануэл Макрондун мугалими болгон экен. Аны 15 жашында сүйүп калган. Мугалим менен окуучунун ортосундагы сүйүүнү билип калган ата-энеси каршы чыгып, баласын башка жакка окутуп качырышкан. Ага ашыктык деген азап ой-бойго койбой, акыры баш кошууга алып келген. Үч балалуу Бриджит күйөөсү менен ажырашып, Эммануэлге турмушка чыккан. Эммануэл Макрондун аялы Бриджит апасынын жашында. Негизи эле президенттер арасында өзүнөн улуу аялга үйлөнгөндөр буга чейин кездешкен эмес. Президент болгончо билгени да, билбегени да болгон. Ага добуш бергендердин көбү капаланып турган кези. Кыскасы, Францияда жаңы болгон президент коомчулукта катуу талкууланып жатат.

 

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости