www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3-май күнү “Демилге.KG” маалымат борборунда Кыргызстандагы улуттук-мекенчил күчтөрдүн биримдиги түзгөн Туруктуу Элдик Кеңештин-ТЭКтин мүчөлөрү маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда ТЭКтин төрагасы, “Эл үнү” кыймылынын жетекчиси А.Бекназаров Элдик Курултай институтун Конституцияга багыт берүү жана көзөмөлдөө ыйгарым укугу менен киргизүүнүн зарылчылыгына кенен токтолду.

Жыйындын жүрүшүндө Туруктуу Элдик Кеңештин сунушу менен 17-май күнү бардык облустарда бир күндө аймактык Курултайларды, 23-майда Жалпы Улуттук Курултайды өткөрүү демилгеси көтөрүлгөндүгү дайын болду. Кыргызстандагы улуттук-мекенчил күчтөрдүн биримдиги-КУМКБнын 28-апрелде өткөргөн жыйынында кабыл алынган Курултай институтун мыйзамдаштыруу, паспортто “улут”-деген графаны калтыруу талаптары бийлик бутактарына жөнөтүлгөнү ачыкталды.

Эгемендиктин жылдарында Кыргызстан коррупциянын сазына батып баратышынын негизги себеби улуттук идеологиянын жоктугу, мамлекеттик башкаруу түзүлүш кыргыз элинин табиятына караманча каршы келип жатышынан улам болуп жаткандыгын ТЭКтин төрага орун басары,”Таза коом” элдик партиясынын тең төрагасы К.Кошалиев айтып өттү.

Булак: Демилге.кж

Последние новости