www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чоң Алай району кечээ болуп төткөн жер титирөөдөн катуу жабыр тартты, айрыкча Жекенди айыл аймагынын Карамык, Шиве айылдары. Жер титирөөнүн уюгу (очагы) 36 км Карамык айылынын түштүк-чыгыш тарабынан байкалганын, 6-7 баллды түзгөнүн айыл тургундары билдирди.

Карамык айылындагы ФАП жана Шиве айылындагы Гапар Ташыбеков атындагы мектеп жараксыз болгонун, о.э. 60 тан ашык үй пайдаланууга жараксыз деп табылганын маалымдашты. Чапаев Мамат аттуу тургундун 113 даана кой-эчкилери жер титиреген мезгилде, жар кулап жер алдында калган. Азыркы учурда ӨКМ (МЧС), комиссия иштеп жатышканын белгилешти. Палаткалар берилип жардам көрсөтүлгөнү менен, ушул тапта тоо жакта кар жаап, ал эми жабыр тарткан айылдарда нөшөрлөп жамгыр жаап жатканын кабарлашты.

Элдин суранычы отун-көмүрдөн Өкмөт жардам берсе деген өтүнүчтөрүн айтышты. Өкүнүчтүүсү, элди суратпай бул маселе чечилиш керек болчу, бакыйган КР ЖК де депутаттар бар, көмүр кенин казышкан. Өз элине мына ушундай оор күндөрү жардам бербесе эл өкүлдөрү, качан жардам берет? Чоң Алайдын эли бир сөз менен айтканда жардамга муктаж, КР Жогорку Кеңешине жана Өкмөтүнө жарандарыбыздан келген маалыматты жеткирүү, ФБ аркылуу эле. Башка менде мүмкүнчүлүк жок, ишенип туралы маалымат жогоруда айтылган мамлекеттик органдарга жетет деп...  Чоң Алайлык туугандарга максимум шарт түзүлүп берилээрине....

Жылдызкан Жолдошева

Булак: NazarNews.kg

Последние новости