www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улугбек Ормонов 1963-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Беш-Дөбө айылында туулган. Жогорку билимге ээ. Алгачкы эмгек жолун Ош облусуна караштуу Өзгөн совхозунда баштаган. Кыргыз Республикасынын 4-чакырылышынын депутаты болгон. Кыргыз Республикасынын Өндүрүшүнүн эмгек сиңирген ишмери. Мамлекеттик экинчи класстагы кеңешчи. Кыргыз Республикасынын финансы тармагынын отличниги. Жогорку Кеңештин 70 жылдык юбилейлик медалынын ээси. Орусия жана Кыргыз мамлекетинин достук аралык Улуу Петр 2-даражадагы ордени менен сыйланган. Россия федерациясынын суу флотунун 100 жылдык медалынын ээси. СНГ мамлекеттеринин парламенттер аралык Ассамблеясынын 15 жылдык медалы менен сыйланган. Учурда “Бир Бол” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты.

Замандын каатчылыгына карабай, атасынын атынан улуттук оюндарды уюштуруп келе жаткан азаматтарыбыз ондоп саналат. Бүгүнкү каарманыбыз бир топ жылдан бери Өзгөн элине май айларында майрамдык маанай тартуулап жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов болмокчу.

-Улугбек Зулпукарович, билишимче бир топ жылдан бери Өзгөн шаарында Зулпукар Ормонов атындагы турнир өткөрүп келесиз?

-Биз сегиз бир тууганбыз. Жылда 1-майда атабызга куран окутуп, жакын тууган-санаалаштарга тамак берчүбүз. 2003-жылы бир туугандар кеңешип, атабызга куран окутуп гана тим болбой, Өзгөн шаарынын борбордук стадионунда улуттук оюндарды уюштурдук. Эл биздин уюштурган турнирибизди жакшы кабыл алды. Бир күнгө деген улуттук оюнубуз эки күнгө созулду. Алгачкы жылдын деми менен кийинки жылдары да уюштуруп калдык. Байкасак, райондун эли кадимкидей майрамдык маанайда эс алышат экен. Алтургай аксакалдар келип, Совет доорундагы эмгекчилердин май майрамдары кайтып келгендей сезип, жадакалса ушул күндү күтөбүз деген сөздөрүнөн улам, атамдын атындагы турнирди улантууну салтка айланттык.

-Турнирге канча айылдын жаштары тартылган?

-Өзгөн районунда 19 айыл өкмөт, бир шаарыбыз бар. Баардык айыл өкмөттөрдөн келген оюнчулар күч сынашат. Жашоочуларыбыз ошол күнү майрамдап, оюн көрүп эс алышат.

-Спорттун канча түрү ойнотулат?

-Волейбол эркектер жана аялдар арасында. Футбол, ордо, тогуз коргоол, шахмат, кол күрөш.

-Улуттук оюндардын топ башында турган көк бөрү менен күрөш эсепке кирген эмеспи?

-Туура баамдапсың, биринчи жылдары улуттук оюндардын сап башында турган көк бөрү, күрөш оюндары ойнолчу. Оюндун кызуусу менен аттан жыгылмай, кол-бут сынмай орун алып, талаш-тартыштар күч алып кеткени үчүн бул оюндарды токтотконбуз.

-Турнирдин өзгөчөлүгү деп эмнени айта аласыз?

-Бул турнир райондук деңгээлдеги иш-чаранын катарына кирип калды десем жаңылышпайм. Зулпукар Ормонов атындагы турнирден жеңген жеңүүчүлөр атайын райондук курама командасына кирип, облустук, республикалык деңгээлдеги спорттук оюндарга катышууга жолдомо алышканы бул өзгөчөлүк деп эсептейм.

-Бул турнирди уюштурууда кандай упай топтой алдыңыз?

-(Күлүп) Атамдын атындагы турнир болсо эле кимдир бирөө упай топтоону көздөйт деп ойлошу мүмкүн. Бирок, бул турнирди уюштуруу жалгыз менин демилгем эмес. Мени менен катар бир туугандарымдын жана досторумдун демилгеси артында иш-чара райондук деңгээлде уюштурулуп жатат.

-Майрамдын ачылышы кандай маанайда өтөт?

-Ар жылы район элине ар тараптуу кызыктуу маанай тартуулоо үчүн иш-чара жаңылык жаратат. Бир жылы Кыргызстандын курама командасын атайын Өзгөн шаарына алып барып, райондук жаштар менен биргеликте оюн уюштурганбыз. Жыйырмадан ашык боз үй тигилет. Айыл өкмөттөрүнөн келген аксакалдар үчүн сый тамак берилет. Ырчылар ырдап, обончулар обон созушат. Оюн-зоок менен коштолгон иш-чара эки күнгө созулат. Май айынын башында Өзгөн шаарында жыл сайын өзгөчө майрам болот.

-Турнирден сырткары мектептерге демөөрчү болгонуңузду уккан жайым бар эле?

-Алгач өзүм билим алган Кеңеш мектебине компьютердик класс ачып бергем. Айыл жаштары деле замандан артта калбай компьютер үйрөнсүн деген изги тилек болду. Андан кийин өзүм шайланган эки айылдын мектебине да компьютердик класстарды өз каражатыма жасатып бердим. Андан тышкары, жакшы окуган окуучуларга жана билимдүү мугалимдерге бир туугандардын атынан стипендия беребиз.Стипендия жылына эки жолу берилет. 

-Стипендия берүүдөгү максат?

-Стипендиянын негизги максаты, окуучулардын билимге умтулуусун жана жаш мугалимдердин кызыгуусун арттырып, стимул берүү.

-Элибизде “Атадан артык уул, атадан кем уул, атага тең уул” деп айтылат, Сиз ошондо өзүңүздү кандай уул болдум деп эсептейсиз?
-Ата-энени кадырлап, барктап, сыйлоо ар бирибиздин милдетибиз. Менин максатым - атамдын көзү өтүп кеткенине карабай, адал эмгегин актоо болуп саналат. Атам жогорку билимдүү, колхоз, совхоздордун жетекчилик кызматтарында иштеген инсан болгон. Өзүмдү жакшы эле уул болдум го деп эсептейм.

-Жаштардын келечегине кандай шарттар түзүлсө дейсиз?

-Келечек жаштардыкы, жаштар үчүн жакшы келечеги бар шарттар түзүлсө дейм. Азыр билинбеген менен шаардык жаштар менен айылдык жаштардын ортосундагы ажырым аябай тереңдеп кетти. Ошол ажырымды токтотсок. Жалпы жаштар бирдей көз карашта болсо деген ойлор акыркы учурларда көп түйшөлтчү болду. 

-Маегиңизге рахмат!

Булак: “Кыргыз Кербени” журналы

Последние новости