www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Цзянсу аймагында Лю Юн Вей аттуу дыйкандын өткөн жылы операция жасатып жатканда бөйрөгүнүн уурдалганы ортого чыкты

Кытайдын чыгышындагы Цзянсу аймагында Лю Юн Вей аттуу дыйкан өткөн жылы операция жасатып жатканда бөйрөгүнүн уурдалганы ортого чыкты. Автожол кырсыгында көкүрөгүнөн жаралангандыктан операция болгон Лю Юн Вей дарылануу үчүн башка бир ооруканага барганда оң жактагы бөйрөгүнүн жок экендигин билди.

Лю үч башка ооруканадагы текшерүүдө ошол эле жыйынтыкты алып, операцияны кылган дарыгер менен сүйлөшкөндө бөйрөктүн өзүнөн өзү жок болгонун айткан.

Оорукананын отчетторуна караганда  дыйкан Люнун операциясында оң жак бөйрөгүнүн алынганы, бирок эч кандай зыянга учурабагандыктан ордуна коюлганы билдирилген. Бул окуя боюнча полицияга кайрылган Лю дарылануу үчүн барган ооруканалар дарылоону четке кагышууда. Бөйрөк чыр – чатагы чыккан оорукана жана операция кылган дарыгер  тууралуу териштирүү улантылууда.

Булак:"trt.net.tr"

Последние новости