www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токой чарбасынын коругунда жашаган адамдардын пенсиясы жарытымсыз. Анткени, алар жерге болгон салыкты жана милдетүү камсыздандырууну  төлөбөй келишет. Бул алардын аз өлчөмдөгү пенсия алуусуна алып келет. Ошондуктан, бул чукул чараларды көрө турган, ойлоно турган маселе. Буга өкмөт тийиштүү чараларды көрүүсү зарыл, - дейт Жогорку Кеңештин вице  - спикери Мирлан Бакиров бүгүн, 1 – октябрдагы “Парламент” радиосуна курган маегинде.

Бүгүнкү күндө республика боюнча  52 токой чарбасы бар. Анын чегинде жашагандардын эсеби да чакан эмес. Мыйзам боюнча жер үлүшүнө ээлик кылган баардык жарандар жер салыгынын базалык чендеринде белгиленген камсыздандыруу төлөмдөрүн ак ниеттүүлүк менен төлөп жүргөндө гана пенсияга чыгууга укуктуу. Бирок токой чарба чектеринде жашаган мекендештерибиздин баарында эле мындай мүмкүнчүлүк  жок. Алардын жайыттарга жана башка нерселерге төлөгөн ижара акыларын камсыздандырууга кайсыл бир пайызын чегерип берүү маселесин карап чыгышыбыз зарыл,- деди депутат.

Ошондой эле эл өкүлү, - 1700 сом пенсия алып жаткандар - токой чарбасынын чегинде жашагандар болуп саналаарын,- айтты. Эгер ушул темп менен жүрүп олтурса, токой чарбасындагылардын пенсиясы 3 - 4 жылдан кийин 15 күндүк күнүмдүк керектөөлөрүнө гана жетип калуу коркунучу бар. Ансыз деле 170 миң пенсионерлердин азыркы алып жаткан каражаты күндөлүк муктаждыкты жаап – жаппай келет, - деп маалымдады М.Бакиров.

Ушул эле уктурууга катышкан Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары Гүльнура Жуматаева жер - жерлерде түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын айтып, пенсиянын өлчөмү экономикага байланыштуу, - деп белгиледи. Андан тышкары, жакынкы күндөрү пенсиянын өлчөмү жогорулай тургандыгы да айтылды деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости