www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Алмазбек Ногойбаев ээлеген кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Өкмөт башчынын буйругунда Ногойбаев эмне себептен кызматтан алынганы айтылган эмес.

Премьер-министрдин башка бир буйругуна ылайык, Канатбек Абдыкеримов “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Ал буга чейин аталган ишкананын Темир жолдорду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын директору болуп келген.

"Кыргыз темир жолу" ишканасындагы мыйзамсыз иштер боюнча маселе буга чейин Жогорку Кеңеште бир нече ирет көтөрүлгөн. Ишкана директору Алмазбек Ногойбаевди убактылуу кызматтан четтетүү боюнча өкмөткө сунуш киргизүү маселеси да айтылган.

Депутат Жанар Акаев "Кыргыз темир жолу” ишканасы Казакстандан 150 вагон сатып алыш үчүн Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан 8 млн. 380 миң доллар насыя алганы менен азыркыга чейин вагондорду алып келбегенин айткан. Ошондой эле депутат Ногойбаевдин бала-чакасы да ишканага тиешелүү жерлерди өздөрү каалаганча пайдаланып жатканын, кызы конок үйүн куруп алганын маалымдап, "Кыргыз темир жолу" ишканасы Өзбекстандын Кыргызстанга болгон 137 млн. сом карызын кечкенин кескин сындап чыккан эле.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын айрым кызматкерлери да быйыл май айынан бери жетекчиликти жемкордук боюнча айыптап келе жатышкан. Мекемеде иштеген бир нече поезд коштоочу жетекчилер каттамга билетсиз жүргүнчүлөрдү салып, андан түшкөн каражаттан пайдага туйтунуп жатканын айтып чыгышкан.

Поезд коштоочусу Алия Асанбаева жетекчилиги тарабынан кысымга кабылып жатканы тууралуу видео кайрылуу таратып, президент Сооронбай Жээнбековго да кайрылуу жасаган.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын директору Алмазбек Ногойбаев бул дооматтарды четке кагып келген.

Буга чейин Кыргызстандын Транспорт прокуратурасы "Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 221 ("Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабуусу"), 173-берене ("Алдоо жана ишенимге кирүү менен мүлккө зыян келтирүү") менен кылмыш ишин козгогон.

Маалыматка караганда, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн иликтөөдө 2018-жылдын 1-январынан 30-апрелине чейин "Бишкек-Москва-Бишкек", "Бишкек-Новокузнецк-Бишкек", "Бишкек-Казан-Бишкек" темир жол багытында 67 жолу жүргүнчү каттамы ишке ашырылып, бирок 4868 билет гана сатылган.

Ошол эле кезде "Кыргыз темир жолу" ишканасы" менен Мамлекеттик Чек ара кызматынын маалымат базасында "Кайыңды-темир жол" пункту аркылуу» билети жок 2874 киши өткөнү жазылган.

Прокуратура поезддин жооптуу кызматкерлеринин билети жок жүргүнчүлөрдөн алган акчасынан ишкананын кассасына 2 млн. 649 миң сомдон ашык каражат түшпөй, мамлекетке чоң зыян келтирилген деп эсептейт. 

Булак: "Азаттык"

Последние новости