www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кайрадан кыргыз тилинен тестти тапшыруу сунушунан баш тартканын Жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышууда. Бул тууралуу маалыматты мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев журналисттерге билдирген.

- Мэриянын юридикалык бөлүмү кыргыз тилинен экзаменди кайра тапшырууга юридикалык негиз жок деп корутунду чыгарды. БШК сунуш гана кылды, - деп маалымат берген. 

Эске сала кетсек, БШК Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин “Кыргызтесттин” сынагынан өтүүнү сунуштады, бул сунушту БШКнын 6 мүчөсү колдошту. БШК төрайымынын белгилешинче, комиссияда милдеттендирүү укугу жоктугунан улам талапкерлерге сынактан өтүү сунушун гана бере алышат.

Бул чечимди БШК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июлундагы №430 токтомуна негизиндеген. Буга чейин журналист Канышай Мамыркулованын бул боюнча талабына БШКнын жумушчу тобу каршы чыгып жаткан болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости