www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан ИИМи Ташкент облусундагы Алмалык шаарында  милиция кызматкеринин сабалышы тартылган видеого комментарий берди.

«22-июлда болжол менен 23:00дө үч жаран – Дониёр Эргашев, Уткирбек Кушнаев жана Санжар Эргашев чыр чыгарышкан. Жергиликтүү жашоочу аларды тыюу үчүн ал жерден алыс эмес жашаган Алмалык шаардык милиция бөлүмүнүн инспектору Рахмонов Давронду чакырган. Ал учурда майор үйүндө болгон жана иштен кийин эс алып жаткан», – деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

ИИМ маалыматы боюнча Рахмонов окуя болгон жерге келип, бейбаштардан коомдук тартипти бузууну токтотууну талап кылган. Бирок чыр чыгарган кишилер каршылык көрсөтүп, милиция кызматкерине кол көтөрүшкөн. Рахмонов күчүн жоготуп койгондон кийин бейбаштар аны мас абалында көрсөтүшүп, видеого тартышкан жана Интернетке жайгаштырышкан.

Ташкент облустук прокуратурасы үч кишиге карата кылмыш ишин козгоду.

Өткөн жумада Ташкентте жергиликтүү жашоочу мас делген милиция кызматкерин сабап, погонун жулган видео тараган. Окуя июнь айында болгон.

Күбөлөрдүн бири жаңжалды майор баштаганын билдирген.

– Милициянын эки кызматкери кыздар менен ресторанда отурган. Анан эле милицонерлердин бири ордунан туруп, коңшу столдо отурган балага тап берди. Ал анын кийимин айырып, сөгүнүп жатты. Жигит милиция кызматкеринин басмырлоосуна жооп кайтарды. Ресторандагы калган кишилер балага болушуп, ага жулунушту. Майорду кесиптеши көчөгө алып чыкты. Жаалданган топ алардын аркасынан барды. Видео көчөдөн тартылган. Ал жерде окуянын аягы жазылыптыр , –деген ал.

Жаңжалдын катышуучулары арыз менен укук коргоо органдарына кайрылган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости