www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Швециянын илимий кызматкерлери болжол менен  18 миң жыл жерде жаткан күчүктү табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, күчүк 2018-жылы жай айларында Сибирь аймагындагы “түбөлүк тоң” зонасын казуу учурунда табылган. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин адистер эч кимге маалымат бербей, зарыл болгон илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. 

Күчүк көп жылдан бери жерде жатканына карабастан, өзүнүн формасын сактап калган. Анын сөөктөрү гана эмес, жумшак ткандары, бетиндеги жүнү, кирпиктери жана тиштери да сакталган. 
Илимий-изилдөөнүн жүрүшүндө адистер табылган күчүк азыркы күчүктөргө караганда бир нече эсе чоңураак экенин аныкташкан. Окумуштуулар табылган ит байыркы элдер жапайы карышкырлардын колго үйрөтүп баштаган доорго тиешелүү деп божомолдошууда. 

Адистердин айтымында, алар башында табылган итке болбоду дегенде жүздөгөн жыл бар деп ойлошкон. Бирок, мындай укмуштуудай табылга колдоруна түшкөнүн изилдөөдөн кийин гана түшүнүшкөн. 

Күчүк дүйнөдөгү байыркы күчүктөрдүн бири болушу мүмкүн. Себеби, расмий илимий изилдөөлөрдүн корутундусу боюнча биринчи иттер 10-15 миң жыл мурун пайда болгон.

 

 

Последние новости