www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча УКМК тарабынан кармалып, эки айга тергөө абагына камалган «БеспределKG»нин ээси Автандил Жоробековдун бир тууган карындашы Чынара Темирова өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу бийликке, Өмүрбек Текебаевге, өкмөттүк эмес уюмдарга, дегеле жалпы коомчулукка видеокайрылуу жасады.

Эжесинин маалыматына ылайык, 1984-жылы туулган Автандил Жоробеков чындыгында «БеспределKG» паблигинин администратору.

Белгилей кетсек, 24-ноябрында УКМК Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу “А.Ж.” кармалып, УКМК тергөө камак жайына киргизилгени тууралуу бүгүн, 27-ноябрда аталган мекеменин маалымат кызматы билдирүү тараткан. Бирок, анда ал ким экени айтылган эмес болчу.

2019-жылдын 25-ноябрында “А.Ж.” КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-п. (аймактар аралык касташууну козутуу) боюнча кылмышка шектүү экени билдирилген.

Ал эми соттук өндүрүштүк иштердин алкагында кечээ, 26-ноябрда Биринчи май райондук соту Жоробековду 2020-жылдын 24-январына чейин УКМКнын тергөө абагына камоо өкүмүн чыгарган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости