www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 18 жаштагы кызды эки ай бою зордуктаган деген шек менен 37 жаштагы жаран кармалды. Маалым болгондой, бул адам коркутуу жана шантаж жолу менен кызды зордуктап жүргөн.

Окуя актриса Назира Айтбекованын жарыясынын аркасында белгилүү болгон. Ага жабырлануучу анонимдүү билдирүү жөнөткөн. Анда ал адам эки айдан бери кыздын апасына интимдик видео жиберем деп шантаж кылып, зордуктап жүргөнү айтылган. Ал бул тууралуу үй-бүлөсүнө жана досторуна айта турган болсо, сексуалдык мүнөздөгү видеону интернетке таратам деп коркуткан.

Бул фактынын негизинде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого мажбурлоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган адам 1987-жылы туулган У.Р. Ал ИИБнын тергөө кызматына жеткирилип, андан соң Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кылмыш иликтөө уланууда.

Последние новости