www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-июль күнү Ысык-Көл районунда Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун 40-чакырымында (Өрнөк айылы) “Тойота Авенсис” жана “Мерседес-Бенц W210” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалым болгондой, кырсык саат 18:15 чамасында болгон. Окуя болгон жерге дароо Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери барган.

Кырсыктын кесепетинен үч эркек каза болуп (алардын өздүгү такталып жатат), экөө жабыркаган (бир эркек жана бир аял, алардын дагы өздүгү такталууда).

Куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн окуя болгон жерге ӨКМдин Ысык-Көл облусунун 31- райондук бөлүмүнөн төрт куткаруучу тартылган. Жабырлануучулар унаалардан чыгарылып, Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жөнөтүлгөн.

Ал эми каза болгондордун сөөгү Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилген.

Последние новости