www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 19 жаштагы баланы унаа менен сүзүп, өлтүрүп алган адам үй камагына чыгарды. Бул тууралуу жергиликтүү булактардын бири маркумдун тугандарына таянып, жазып чыкты.

Алардын айтымында, окуя 21-мартта болгон. BMW X-5 үлгүсүндөгү унаа жогорку ылдамдыкта бара жатып, 19 жаштагы М.Мди сүзүп кетип, белгисиз тарапка качып кеткен.

“Бала ооруканадан көз жумду. Факт боюнча кылмыш иши козголду. Айдоочу табылып, бир күндөн кийин кармалган. Сотто, баш коргоо чарасын каралып жатканда прокуратура айыпталуучуну камакка алууну суранган, бирок судья Рустам Саткынбаев алардын өтүнүчүн канааттандырган эмес”,-деп редакцияга өзүнүн булагы билдирген. 

“Айдоочу үй камагына бошотулган, биз каршы арыз жазган жокпуз, айыпталуучу окуя болгон жерден качып кетип, балага жардам берген эмес. Прокуратура шаардык соттун чечимине даттанган, иш судьялар Адис Момуналиевге, Алмаз Карабековго жана Нурбек Эсеналиевге 6-апрелде түшкөн, бирок алар улам процессти жылдырып жатышты. 10 күндүн ичинде карап чыгыш керек болчу”,-деп кошумчалашкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости