www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунда алкоголдук ичимдиктерди сатууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө комендантын буйругу убактылуу жокко чыгарылды. Бул тууралуу NazarNews.kgге Ош комендатурасынан билдиришти. Документке 15-апрелде Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу районунун коменданты Малик Нурдинов кол койгон.
Ал эми Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу районунун комендатурасы билдиргендей, алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салуу жөнүндө чечим жокко чыгарылган эмес, а убактылуу токтотулган.
Коменданттын буйругу азырынча күчүнө кире элек, анткени аны жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен макулдашуу керек.
“Коменданттын буйругу күчүнө кире элек. Мындай чечим тургундардын кайрылуулары менен кабыл алынган. Аймакта жашаган жарандар өзүлөрү алкоголь сатууну токтотууну суранышты. Адамдар алардын туугандары алкоголдук ичимдик ичкенден кийин үйдөн чыгып кетип, көпкө чейин үйүнө келбей, бирөөнүн үйүнө барып, алардын балдарын кармап, санитардык эрежелерин бузуп жатат деп кайрылышкан.
Кээ бир адамдар алкоголь коронавирусту жуктурбоого жардам берет деп ойлоп, дары катары иче башташты. Бирок, дарыгерлер алкоголдук ичимдикти ичүүнү сунуш кылышпайт, анткени алкоголь иммунитетти төмөндөтөт. Буга байланыштуу алкоголдук ичимдиктерди сатууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө буйрук чыккан. Бул буйрук медициналык кызматкерлер, прокуратура жана айыл тургундары менен кеңешилген. Бирок буйруктун ишке ашуусуна жеке ишкерлер арызданышканына байланыштуу бул маселени эл чечсин деп жергиликтүү кеңештин кароосуна жиберилди” – деп айтылат комендатуранын маалыматында.
Булак: NazarNews.kg