www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аида Исмаилова кезектеги жыйынын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова реалдуу убакыт режиминде ооруканалардагы орундар фонду боюнча кырдаалды чагылдыруу үчүн программалык камсыздоону киргизүү тууралуу кеңешме өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов, саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Жанузаков, Электрондук саламаттык сактоо борборунун директору Бахтыяр Станбеков жана Ыктыярдуу жардам координациялык кеңешинин өкүлү Эльдар Шабданов катышты.  

Жолугушуунун катышуучулары өз убактысында госпиталдаштырууну камсыздоо үчүн реалдуу убакыт режиминде койкалык фонд боюнча учурдагы абалды чагылдыруу үчүн программалык камсыздоону киргизүү маселесин талкуулады.

Мындан тышкары, COVID-19 каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү электрондук базасын түзүү маселеси каралды, анда эпидемияга каршы күрөшүү муктаждыктары жана волонтердук кыймылдын мүмкүнчүлүктөрүн кошуп караганда, бардык маанилүү аспектилер камтылат.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган долбоорлорду кыска мөөнөттө ишке ашыруу тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости