www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициянын кайгуул кызматкерлери каракчылыкка шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 6-июлунда болжол менен саат 3:40 чамасында Бишкек шаардык ИИББнин “102” кызматы аркылуу "Келечек" жаңы конушунун үйлөрүнүн биринде  тоноп кетишти  деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты  тактаганда, ошол үй ээсинин тургуну Б.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ушул эле күнү  болжол менен саат 3:30 чамасында белгисиз 18-20 жаштагы кыздар үй ээсинин үйүнүн эшигин сындырып киришип, 2004-жылы туулган Б.В. аттуу кызды бычак менен коркутуп, “Редми 6” үлгүсүндөгү  баасы 10 000 сом турган уюлдук телефонун жана паспортун, андан сырткары косметикалык каражаттарын  уурдап кетишкен.

Көрүлгөн ыкчам издөө иш-чаранын натыйжасында Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан кылмыш иизи сууй электе,  кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган А.А., 2004-жылы туулган Н.А. жана 2000-жылы туулган К.З. аттуу жарандар кармалып, Свердлов районунун ИИБнын Тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Бул факт боюнча Свердлов районунун ИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренесинин (каракчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

В Бишкеке девушки взломали дверь дома и, угрожая ножом, забрали телефон и косметику

Булак: NazarNews.kg

Последние новости