www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясын түзүүнүн демилгечилеринин бири жана «Адабият» гезитинин башкы редактору Бахтияр Карим коронавирус жуктуруп алды. Бул маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

– 3-июлда менде коронавирус аныкталганын билдирип, карантиндик аймактан Ташкент медициналык академиясына которушту. Абалым орто, дем алуум кыйындаганы байкалган жок», — деген башкы редактор.

Карим 6-июнда уулунун кесиптештеринен коронавирус аныкталгандан кийин карантинге алынган. 26-июнда ал карантинде саясий себептерден улам мажбурлап кармап турушканын айтып, коронавирус жуктуруп алуудан кооптонуп жатканын билдирген.

– Бир айлык карантин маалында мен беш жолу коронавируска анализ тапшыргам. Бардыгы таза чыгып, акыркысында гана вирус табылды. Демек мага коронавирус карантинде жатканда жуккан», — деди ал.

Бахтиёр Карим «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» деген жаңы түзүлүп жаткан партиянын координатору. Партияны түзүүдөгү уюштуруу иштери менен алектенип жүргөн окумуштуу-экономист Хидирназар Аллакулов июндун аягында Каримдин мажбурлап кармалып турушу анын саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу экенин билдирген.

– Албетте, мында саясий себептер бар. Анткени азыр биз облустарда, райондордо партиянын уюштуруу топторун түзүү менен алектенип жатабыз. Бахтияр Карим партияга кызыккан бардык адамдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн координаторубуз болчу», — деди Аллакулов.

Өткөн жылы президенттин администрациясына караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттиги «Адабият» гезитинин редакциясына азыркы режимди каралоого, маркум президент Ислам Каримовду сындоого жана оппозициялык лидер Мухаммад Салихтин ысымын атоого тыюу салганы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости