www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында жашаган мед айым тургундарга бекер жардам берүүгө даяр. Бур тууралуу журналист Каниет Жыргалбеков социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.

Журналисттин маалыматына таянсак, медайым учурда декретте. Ал буга чейин коргоочу костюм алып берүүнү суранып, жергилитүү тургундарга бекер жардам бере турганын билдирген.

Ошондой эле, журналист Жеңиш жаңы конушунда дагы бир медайым жергиликтүү тургундарга бекер жардам берерин айтты.

“Жениш конушунда. Биримдик 4-көчө 11 үйүнө укол, капельницага кайрыла бергиле. Форманы атайын жеткирип бердик. Элге колдон келген кызматты кылып жатабыз. Башка жактардан дагы медайымдарды таап кызматка тартып атабыз. Саясат жок. Атуулдук милдет!”,-деп журналист билдирүү калтырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости