www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
29-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33;
Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 27…32;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 30…32 градус болот.
Булак: NazarNews.kg