www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясын Сагынбек Абдрахманов жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясын (КСДП) парламенттик шайлоого каттоого милдеттендирген чечимди күчүндө калтырды. Иш бүгүн 28-июлда каралган. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

14-июлда БШК Абдрахманов жетектеген КСДПнын шайлоого карата өкүлдөрүн каттоодон баш тарткан. Мындай чечимин алардын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жактаган КСДП менен соттук териштирүүлөрү аяктай электиги менен түшүндүргөн.

20-июлда Бишкектин административдик соту Абдрахмановдун БШКнын ошол чечимине каршы арызын карап, колдогон жана Боршайкомду аларды каттоого милдеттендирген. БШК соттун бул чечимине арызданып Жогорку сотко кайрылган.

Эске сала кетсек, Атамбаев түптөгөн КСДП 2019-жылы экиге бөлүнүп, анын бирин «Атамбаевсиз КСДП» саясий кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов, ал эми Атамбаевди жактаган тарапты Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова убактылуу жетектеп келген. Бул кызматты Кодуранова быйыл 27-майда ЖК депутаты Анвар Артыковго өткөрүп берген болчу.

Эки тараптын ортосундагы талаш-тартыш жагдайы соттордо каралып жатат. Атамбаев баштаган бир топ адамдар Кой-Таш окуясы үчүн айыпталып, соттолууда.

Кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрда өтөт. Ага катыша тургандыгын 44 партия билдирди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости