www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылдын 2-июнунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө курал колдонууга байланыштуу окуя болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү билдирди.
Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Эки-Таш аймагында, болжол менен түнкү саат 1:20ларда Тажикстан тараптан белгисиз адамдар Ош-Исфан унаа жолунда бара жаткан 1982-жылы туулган Б.Б. аттуу жарандын автоунаасына аңчылык курал менен ок атышкан.
“Натыйжада айдоочу октон жеңил жаракат алып, Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген.
Түн ичинде тараптардын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу болуп өттү.
Азыркы учурда милиция кызматкерлери ошол жердеги унааларды жана башка тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бул участогундагы кырдаал саат 10:00гө карата туруктуу деп мүнөздөлөт”, - деп билдиришти Чек ара кызматынан.
Булак: NazarNews.kg