www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия тарабынан аналитикалык ой жүргүзүүлөрдөн соң, коронавирустун жайылуу убагы төмөндөп жатканын белгилешти. Муну бекемдеп Орусия Роспотребнадзордун башчысы Анна Попова «эпидемиянын кескин көтөрүлүү баскычы» өткөнүн, инфекциялангандар көбөйүш ыргагы басаңдаганын айтты. Коронавируске карантин кирер алдында Орусия Башмыйзамына өзгөртүү кийирүү тууралуу маселени көтөрүшүп, 2020-жылдын 22-апрелинде Башмыйзамга өзгөртүү кийирүү үчүн референдум өткөзүүнү белгилешкен. Коронавируска каршы карантин киргенине байланыштуу бул референдум белгилүү мезгилге жылдырылган. Ошону менен катар Улуу Ата –Мекендик согушта жеңиш менен чыккан Советтер Союзунун Жеңиш күнүнүн 75 –жылдык мааракеси 9-майда белгиленип, бул күн салтанат менен көптөгөн мамлекет башчыларынын катышуусунда өтө турган болгон. Коронавируске карантин киргенине байланыштуу бул салтанаттуу жыйын 9-май Жеңиш күнүнөн 24-июнга жылдырылган. Эмне үчүн 24 –июнь себеби 1945-жылдын 8-майында Рейхстагды баш ийдирип, гитлердик белгилүү төбөлдөр менен кол коюлган соң, 1945-жылдын 9 –майы Жеңиш күнү болуп белгиленген. Дал ошол 1945-жылы 24-июнда жеңиш парады болуп, дүйнө эли жеңиш күнүн белгилешкен. Ошондон бери 9-май Жеңиш күнү катары белгиленип келе жаткан. Быйылкы жылы 9-майда коронавируска каршы карантин болгонуна байланыштуу Жеңиш парады 2020-жылдын 24-июнуна белгиленип жатат. Владимир Путин Башмыйзам боюнча референдумду 24-июнда уюштуруу жөнүндө сунуш түшкөнүн, бирок Жеңиш күнүнө арналган парад болорун, эки окуяны аралаштырбоону туура көргөн.

Орусиянын президенти Владимир Путин конституциялык өзгөртүүлөр боюнча жалпы элдик референдумду 1-июлда өткөрүүнү чечти. Бул тууралуу президент түзөтүүлөрдү даярдаган топтун жетекчилери менен жыйында билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова бул датаны колдоду жана элдин көп топтолушунун алдын алыш үчүн добуш берүү алты күн мурун башталарын айтты. Төрайымдын айтымында, 2-3 аймакта балким электрондук добуш берүү уюштурулат.

Өзгөртүүлөрдүн бири Путинге 2024-жылдан кийин да 12 жыл бою бийликте калууга жол ачат. Башмыйзамга өзгөртүү кийирүү боюнча демилге Путиндин саясатына каршы турган кээ бир чет мамлекетттерге жаккан эмес. Ал эмес Орусиянын бир катар шаарларында нааразылык акцияларына алып келген. 67 жаштагы Владимир Путин өлкөнү 2000-жылдан  баштап жыйырма жылдан ашык жетектеп келатат. Андан мурунку президент Борис Ельциндин тушунда Орусия Федерациясынын өнүгүү темпи басаңдап, дүйнөлүк көп банктарга жана кээ бир экономикасы өнүккөн мамлекеттерге каржы жагынан көз карандылыгы көбөйө баштаган. Владимир Путиндин мамлекет башына келиши менен Орусиянын экономикасы көтөрүлүп, дүйнөлүк аренада кадыр –баркы жогорулай баштаган. 2000 жана 2004-жылкы президенттик шайлоодо Владимир Путин жеңишке жетишип Орусия Федерациясына президент болгон. 2008-жылы Дмитрий Медведев президент болуп, 2012-жылы президенттик шайлоо мыйзамына президенттин мөөнөтү алты жылга узартылып Владимир Путин 2012 жана 2018-жылы президенттик шайлоодо жеңиш менен келген. Владимир Путиндин президенттик мөөнөтү 2024-жылы аяктайт. 2020-жылдын башында  Башмыйзамга өзгөртүү кийирүү боюнча комиссия түзүлгөн. Бул мыйзамга Мамлекеттик Думанын мүчөсү, учкуч –космонавт Валентина Терешкованын сунушу менен азыркы иштеп жаткан президент да катышууга укугу бар экендиги тууралуу түзөтүү киргизилген. Түзөтүүлөр күчүнө кириши үчүн аны добуш берүүчүлөрдүн жарымынан көбү колдоого тийиш. Референдум адегенде 22-апрелге белгиленип, бирок пандемиядан улам кийинкиге жылган. Эми Орусиянын тиешелүү мамлекеттик кызматкерлери өзгөртүүлөр боюнча жалпы элдик референдумду 1-июлда өткөрүүнү чечти.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости