www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында кайсы маселелер каралат?

2-июнда саат 10:00дө парламенттин имаратынын жыйындар залында Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтөт.

Жыйындын күн тартиби (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мурашев Нурбек Мурпазылжановичтин ант берүүсү;

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 4189-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө|» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын макулдашылган варианты (мыйзам долбоорунун демилгечиси – Өкмөт, 21.02.19дагы № 82 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

3. «Аудитордук иш жөнүндө» мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет)(демилгечи – Өкмөт, 23.04.21деги № 166 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

4. «Бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 23.04.21деги № 167 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет);

5. «Аудитордук иш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 23.04.21деги № 168 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет);

6. «2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (COVID-19га чара көрүү боюнча) Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо) жана 2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору боюнча 2015-жылдын 12-июнундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө» мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 04.05.21деги № 186 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет, Бюджет жана финансы боюнча комитет, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет);

7. «2020-жылдын 29-сентябрында Будапешт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 14.04.21деги № 145 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Бюджет жана финансы боюнча комитет);

8. «Электр жана почта байланышы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору(биринчи окууга киргизилет)(демилгечи – Өкмөт, 11.09.19дагы № 467 токтом) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет, Бюджет жана финансы боюнча комитет);

9. «2021-жылга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тышкы аудиторун бекитүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

10. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);

11. Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору(мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Асылбаева Г.К., Осмонова А.Ш.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет);

12. Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Кесиптик бирликтер жөнүндө» мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору(мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Толонов Д.Э., Масабиров Т.А., Асылбаева Г.К., Примов У.Б., Тиллаев Т.Г., Турусбеков Б.С., Гайпкулов И.Т., Рыспаев К.Дж., Бакиров М.И.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитет).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости