www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Африкадагы Уганда мамлекетинин 65 жаштагы тургуну 176 баласын асыроо үчүн мамлекеттен жардам сурап кайрылды. Бул тууралуу naij.com сайтына шилтеме берип 5news.kg сайты  жазып чыкты. Маалыматка караганда, Мустафа Магамбо Мутонендин 176 баласы жана 90 небереси бар. Ал 13 аялынан жана 10 көңүлдөшүнөн балалуу болгонун ачыка чыгарган.

“Менин 170  баламды 13 аялымдан асырап алууга тырышып келем. Буларды багуу оңойго турбайт экен. Мамлекеттин эсебинен 30 баламдын билим алуусуна жардам сурайт элем”,-деди Мустафа.

Эми карыянын жыл аягында балдары 180 жетет. Себеби аялдары дагы боюнда бар. Анын эң жаш аялы 25 де болсо, эң улгайган аялы 50 жашта. Эң улуу баласы 49 да, эң кичүүсү 4 жашта.

“Күн сайын 13 аялым он үч жактан тынчымды алганда эсим ооп кетет”,-деди балдардын атасы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости