www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгер Алмазбек Атамбаев Конституцияны өзүнө ыңгайлаштырып, экинчи ирет шайлоого баруу менен ордунда калууга кам урса, бүгүнкүдөй КСДПнын ичиндеги бөлүнүп-жарылуу болбойт эле. Бирок, анда көпчүлүк катмардын нааразычылыгын жаратмак. Башта маани бербей жүргөнбүз.

Көрсө, Чыныбай Турсунбековдун дымагы күчтүү тура. Ал президенттик шайлоого өз алдынча талапкер катары чыгуу үчүн позициясына катуу туруп, КСДПнын «мураскерине» каршты чыкканы түмөн түйшүктүү ойлорду жаратты. Кол бөлүнүп, карта бузулууда. Жадагалса Атамбаевдин жактырбай атканына да моюн толгоп, хан таймашта тактыны алууга чындап киришкен кербези экен.

Мурда Чыныбай мырзаны кайратсыз, бошоң катары ойлосок, эми ал пикирибизден кайттык. Чындыгында духу бар экен. Бийлик машинесине каршы туруу үчүн билегин түрүп, учурда Кыргызстандын баардык региондорундагы колдоочулары менен иштей баштаптыр. Бирок, саясатчылар жана окурмандар бир ооздон: «Турсунбеков аягына чейин ат салышпайт, Атамбаев тыйып койсо, оюндан чыгып кетет» деп билерманданышууда.

Ал эми спикердин ишенимдүү адамдары шайлоонун аягына чейин катыша турганын, о.э. жеңишке жетишерин айтышууда. Кызык болчудай. Анүстүнө Өмүрбек Бабановдон кийин эле капчыктуу саясатчы катары Турсунбековдун бааланганы бекеринен эмес го? Азыр шайлоочулар калтаңдын калыңдыгын карап калган заман болбодубу…

Мындай шартта мэр Албек Ибраимов Кытайдан келген гранттардын эсебинен Бишкектеги жолдорду салып, оңдоо-түзөө иштерин кылымыш этип, эл көзүнө пиар жасоонун кыныгын алып алды. Курган амбицияга айла жок белем? Ушу кезде Ибраимов президенттин ишенимине ого бетер кирип, күздөгү күрдөөлдө премьер-министр болуу үчүн амалданып, саясый жүрүштөрдү жасаганды да үйрөнүп алыптыр.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Албек мырзанын өкмөт башына келе турганы азыртан эле чечилип калганы эмнени билдирет? Кокус күзгө чейин але бир балээнин үстүнөн чыгып калбаса эле…

Булак: “Азия Ньюс”

Последние новости