www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Жыгылсаң төөдөн жыгыл, буйласын кармай жыгыл» деген макалды Бакыт Төрөбаев кыязы аб-ы-ыдан жакшы көрөт окшойт. Чоң саясатка аттанганына азыноолак жыл болбой жатып, амбициясы көкүрөгүн тепкилеп «Мен президент болот элем» деп чыкты.
Акыркы 2-3 жылдан бери карай «Фермерлерге, дыйкандарга бекер трактор таратам» деген пиарын катуу жүргүзүп, анан дагы президент болуу дымагын шайлоо жылы боло электе эле эртелеп билдирген.
Мына ошол «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын курултайы 27-июнда өттү. Күтүлгөндөй эле аталган партиянын курултайында Б. Төрөбаевди президенттикке талапкер катары көрсөтүштү.
Бирок, мына ушул курултайдан биз көзгө өтө одоно көрүнгөн бир катар көрүнүштөрдү байкай алдык. Биринчиден, курултай өткөн залдын сахнасынын жасалгаланышы кудум эле Темир Сариевдин «Ак Шумкар» партиясынын курултайындагы жасалгага окшошуп калыптыр. Экинчиден, ал жерде «Торобаев 2017» деп жазылып турат.
Кызык, бул Бакыт мырза өзүнүн фамилиясын да тыңдап жаза албай калганбы? Же кыргызча ө, ү, ң деген тамгалар бар экенин билбейби? Бир мамлекеттин башчысы болом деген саясатчы адегенде кат-сабатын толук жоюп алышы керек го. Ошол эле убакта башка партиялардын жасалгасын «уурдап» пайдаланып аткан талапкерден эмнени күтсө болот? Кийин ар кимдин идеясын уурдап иш кылабы? Анан дагы ушул курултайда Бакыт Эргешович: «Мен президент болуп калсам, президенттик башкаруу болот» деп айтты.
Демек, ал Кыргызстанды кайра Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин дооруна кайтарып баргысы келип аткан болобу? Дал ошол президенттик башкаруудан улам эки жолу революция болгонун билбейби? Кыргыз эли эркиндикти жана адилеттикти сүйгөн калк экенин билебиз. Андыктан президенттик башкаруу барып-барып эле авторитардык, үй-бүлөлүк башкарууга айланып кетерин билдик.
Демек, элибиз үчүн мындай башкарууга алып барам деген талапкер эми керек эмес. Б.Төрөбаевдин «Мен президент болуп калсам, кортежди жок кылам» дегенин кандай түшүнсөк болот? Же бул анын программасыбы? Андан көрөкчө Кыргызстандын экономикасын, калкыбыздын жашоо-шартын кантип көтөрө тургандыгы тууралуу планын айтпайбы десең. Төрөбаевдин бул популизми тууралуу социалдык түйүндөрдө эмитеден эле терс пикирлер жазыла баштады.
Маселен, Улан Джумаков аттуу колдонуучу мындай деп жазат: «Ну это просто генератор идей, отказ от кортежа один из пунктов предвыборной кампании??? Как страну поднимать будете, пешком или на маршрутке…?! И при чем вообще кортеж, это делается по умолчанию, и не должно ставиться во главу предвыборной речи! Бакыт Торобаев намерен отказаться от кортежа в случае избрания президентом». Чын эле эгерде ал кокусунан президент болуп калса, кортежди эч кимге айтпай, мактанбай деле жок кыла берсе болмок. Ушул да президенттикке талапкердин сөзүбү?
Дегинкиси эле Бакыт мырза али быша электигин, мамлекет башчысы эмес, жөн гана бир райондун жетекчиси катары да иштөөгө али чалагайым экендигин өзү көрсөттү. Албетте, амбициясы жакшы, бирок амбицияга деңгээл туура келгенче дагы «бышышы» керек окшойт.
Булак: "Багыт.kg"