www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик шайлоого аттанган Туйгунаалы Абдраимовдун штабын Эркин Сакебаев жетектемей болуптур. Сакебаев мурда КСДПнын Чүй облусу боюнча координатору болуп жүргөн. Учурда болочок президенттин жандоочусуна айланды.

Айтмакчы, жакынкы күндөрү Туйгун мырза кыргыз элине кайрылуу жасап, келечек пландары боюнча ой бөлүшөт. Ушул күндөрү аламанга аттанган таасирдүү талапкерлер каарманыбыз менен биригүүнү суранышып, тандем түзүүгө кызыкдар болгон күчтөр да арбыптыр.

Бирок, азырынча биригүүнүн күн тартиби коюла элек. Түңдүк-түштүк дебей, бир топ саясатчылар, бизнесмендер ушу тапта БШКнын сырларын жакшы билген Абдраимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чоң саясый процесстеги жандуу консультацияларды өткөрүшүүдө.

Булак: “Азия Ньюс”

Последние новости