www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сарыбашев качан иштейт?

Алакандай калк болсок да Кудайдын колдоосу менен өз түндүгүбүздү көтөрүп, дүйнө элинин катарына тизилдик. Буга шүгүр дешибиз керек. Анткени, биздей чакан калктын эгемендүү мамлекетке айланышы тирүүнүн тозогу экенин бүгүнкү цивилизациялуу коомдо баарыбыз жакшы билебиз. Маселен саны биздикиндей аз эмес, 30 миллионду чапчыган күрт жана уйгур элдери да мамлекетин түптөй албай, бөтөн элдердин алдында азап чегип келүүдө.

Андыктан бешенеге бүткөн ырыскыбызга топук кылып, Жаратканга болгон ыраазычылык менен жашашыбыз шарт, бул биринчиси. Экинчиси, элибиз түндүк көтөргөндөн бери баштан көп нерсени кечирди. Кыйын-татаал күндөр өттү албетте, жакшы жактары бар, ийгиликтер арбын, бирок тескери иштердин да саны көп. Саясый айдыды карасак, байлыкты чеңгелдеген азаматтар кызмат талашуу менен алектенип келишет. Алдыга кетер жолду көрсөтө албады. Көрсө, Сталин деген жол башчы айткандай бардыгын кадр чечет окшойт. 

Дегенибиз, буга чейин элдин башын айландырган саясатчылар системаны өзгөртсөк мамлекет оңолот деп, эки революцияны жасады. Ондогон азаматтарыбыз шейит кетти. Бирок, мамлекетке дүйнөдөгү эң мыкты делген системаны орнотсо дагы, ал таза кадр болмоюн иштебейт экен. Себеби, парламенттик башкарууга өттүк дегенден бери алты жылга аяк басты, өлкөдө жарк эткен өзгөрүүнүн учкуну тутанган жок. Баягы эле эски нуктагы иштер жүрүп коррупция гүлдөп кетти. Элдин турмушу жеңилдей элек.

Демек, өлкөнү өнүктүрүүчү маселе системага эмес, адамга байланарын турмуш өзү тастыктап берди. Такшалган кадр болмоюн, өлкөнү өзгөртүш кыйын окшойт. Ушул өңүттө азыркы кырдаалга көз чаптырсак, кадр тандоодогу кемчилик оркоюп көрүнүүдө.

Маселен өкмөттүн жер-жердеги өкүлдөрү эмне менен алек болгону белгисиз, мамлекеттин капчыгын жукарткандан башка пайдасы жок болууда. Ырас, мурдараак губернатор дегендер аттын кашкасындай таанымал кишилер эле, бүгүн кимдер отурганы белгисиз. Расмий жерлерде көрүнө калбаса, башка учурда ит менен издеп таппайсың. Бирөөсүн мисалга алсак, Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашевди эч ким тааныбайт. Кичине райондун акими эле, тепкичтерди бастырып отурбай, облуска секиртти, бул эң жаман көрүнүш.

Анткени, облусту башкара турган адамды бир нече тепкичтен өткөрүп, такшалган маалда кызматка бекитиш керек эле. Тилекке каршы, биздеги ит оору аркылуу бул жигит өң-тааныштык менен дайындалып, бийик кызматка жетип отурат. Эгер мындай саясат өкүм сүрө берсе, мамлекеттин дайынын эртең таппай калабыз. Итибайлар төбөдө тойлоп, өлкөнү талап-тоной берсе, келечегибиз не болот? Ыйлагың гана келет.

Дегеним, Ош облусу кыргыз элинин эң абройлуу аймагынын бири. Башка региондорго салыштырмалуу кадыр-касиети да жогору. Бирок, Оштун атагы алыска угулбай, чөгүп баратат. Социалдык- экономикалык абалы начарлады. Элдин турмушун оңдой турган программалар иштебей, эң арзан делген тамак- аш кымбаттоодо. Мунун түйүнү албетте жетекчиге барып такалат. Өкмөттүн өкүлү ишти жөндөй албай, калктын кыжырын кайнатып жатыр. Деги мынчалык кастарлагыдай Сарыбашев деген ким өзү? Кайдан келген неме? Эгер бул эргулду кастарлай берсе толкуган маалда токтобогон оштуктар дагы бир революциялык толкунду жаратпайбы? Өткөн жумада парламенттин көчмө жыйыны Ошто болуп, жер көчкү, зилзала өңдүү табигый кырсыктан жапа чеккен элдин түйшүгүн талкууга алышты. Ошол жерде дагы өкмөттүн Оштогу өкүлү берилген суроолорго так жооп кайтарбай, буйтап жатты. Бул анын тайыздыгын, жөндөмсүз экенин тастыктап жатпайбы. Муну бийлик неге карабайт?

Кыскасы, Оштогу абал өтө начар деңгээлге жетип калды, мындай абалды Сарыбашев түздү десек жаңылышпайбыз. Акырында айтарыбыз, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү дал ушул Таалайбек өңдүү тайкы, алысты көралбаган жетекчилер. Эгерде бийлик булардан үмүтүн үзалбай, өң-тааныштыктан кечалбай убакыттан уттурса, президенттик шайлоодо чоң залакасы тиет. Андыктан премьер-министр тез арада ойлонуп, эт менен челдин ортосунда жүргөн немелерден тез арада силкиниши кажет. Бул учурдун талабы.

Булак: "Мантыш"

Последние новости